ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

«Бишкекасфальтсервис» МИ шаардын жолдоруна жол белгилерин түшүрүп, бетон тосмолорду орнотууда

«Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасы күн сайын шаар тургундарынын коопсуздугу үчүн  жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жолдорго жол белгилерин түшүрүү, борбордук көчөлөргө бетон жана темир тосмолорду орнотуу иштерин өткөрүп келет.

Айдоочулардын коопсуздугу үчүн Махатма Ганди көчөсү «Баят» базарынын маңдайкы бөлүгүнө бетондон тосмо орнотулду. Ошондой эле жөө жүргүнчүлөрдүн коопсуздугу үчүн тротуардын жээгине темир тосмо орнотулду.


Учурда бетондон тосмолор Ден Сяопин көчөсү Интергельпо көчөсүнөн Садагылиев көчөсүнө чейин орнотулууда. Буга чейин тосмолор Жибек-Жолу проспектиси чыгыш автобекеттен Лермонтов көчөсүнө чейин орнотулган.


Учурда «Бишкекасфальтсервис» Токомбаев жана Фрунзе көчөсүндө жол белгилерин түшүрүүдө.

Өткөн жумада Жантөшев жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишиндеги жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жолго жол белгилери түшүрүлгөн. Автотранспорт кыймылы үчүн жол ачык.

Ошондой эле «Бишкекасфальтсервис» МИ кызматкерлери тарабынан  Исанов көчөсүнүн Киев көчөсүнөн Токтогул көчөсүнө чейин тротуар төшөлүп бүттү. Учурда аталган жерде «Бишкекжылуулуктүйүнү» ААК түтүктөрдү орнотууда.  Андан кийин «Бишкекасфальтсервис» жолго асфальт төшөө иштерин улантат.