ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкекте «Мыкты китепканачы - 2016» конкурсунун жеңүүчүлөрү аныкталды

Борборлоштурулган китепканалар тармагында «Мыкты китепканачы - 2016» конкурсу өткөрүлдү. Ага борборлоштурулган китепкананын жана филиалдарынын кызматкерлери катышты.

Конкурстун максаты – китепканачылардын кесипкөйлүүлүгүн жогорулатуу болуп саналат.


Конкурста катышуучулар  өзүлөрүнүн кесиптик сапаттарын, тапкычтыгын көрсөтүштү.


Аталган конкурс төмөнкү номинацияларда өткөрүлдү: саламдашуу, «Тарых жана маданият жылына» арналган эркин тема, «Биздин таланттар» (ыр, бий же болбосо белгилүү адамдарды тууроо), «Жаз-Жай-2016» саркеч кийимдерди көрсөтүү.


Конкурстун жыйынтыгы боюнча гран-прини Бактыбек кызы Чолпон (№21 китепкана), биринчи орунду – Кубатбек кызы Гүлзада (№1 китепкана), экинчи орунду – Азаматова Нуркыз (№2 китепкана), үчүнчү орунду – Өмүрбекова Айгерим (чет элдик адабият бөлүмү) жана Жоробекова Бахияна (№13 китепкана), төртүнчү орунду – Болот кызы Айгерим (БКТ Балдар бөлүмү) алды.


Бардык жеңүүчүлөр белектер менен сыйланышты.


Аталган иш-чараны Бишкек шаарынын мэриясынын маданият жана туризм башкармалыгына караштуу Борборлоштурулган китепканалар тармагы уюштурду.