ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Чүй облусу 90 жылдык мааракесин белгиледи

Сокулук районунун Күн-Туу айыл айыл округунун Чоң-Жар айылында Чүй облусунун 90 жылдык мааракесине арналган иш-чара өткөрүлдү.

Салтанаттуу иш-чара театралдаштырылган көрсөтүү менен башталды. Анда облуста болгон маанилүү тарыхый окуялар чагылдырылды. Майрам кыргыз эстрада жылдыздарынын катышуусунда концерттик программа менен коштолду.


Иш-чарага КР премьер-министри Сооронбай Жээнбеков, КР президентинин аппаратынын жетекчиси Фарид Ниязов, Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов, Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бактыбек Кудайбергенов катышты.


Майрамдоонун алкагында 140 боз үй тигилди.


Салтанат элдик эс алуулар менен улантылды.