ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Урматтуу Чүй облусунун тургундары!

Сиздерди Чүй облусунун түзүлгөн күнүнүн 90 жылдык мааракеси менен чын дилимден куттуктайм!

Чүй облусу - өлкөбүздүн тарыхый, маданий өзөгү, кыргыз мамлекетинин пайдубалы болуп саналат. Кылымдардан бери баатыр бабаларыбыз жердеген, касиеттүү Сары Өзөн Чүй жергебиз ажайып кооз жаратылышы, жашоо-тиричиликке абдан ыңгайлуу табигый шарты, берекеси төгүлгөн жери, керемет суулары менен айырмаланган. Эң негизгиси кең пейил, ачык мүнөз, жаркын маанай, акылман, нарк-насилдүү айкөл эли менен даңкталып келет.

Чүй өрөөнүнөн кыргыз мамлекетинин өркүндөп-өсүшүнө зор салым кошкон мамлекеттик коомдук ишмерлер Иманалы Айдарбеков, Темирбек Кошоев, мамлекеттик аскер башчылары Шабдан Жантай уулу, Байтик Баатыр чыккан. Кыргыз элин дүйнөгө тааныткан залкар таланттар Бакен Кыдыкеева, Сабира Күмүшалиева, Сүймөнкүл Чокморов, Абдылас Малдыбаев, Насыр Давлесов, жазуучу, драматург Аалы Токомбаев жана башка нечендеген улуу инсандар касиеттүү Чүй жергесинин уул-кыздары болуп саналат.

Чүй облусунда Кыргызстандын борбору Бишкек шаары жайгашкан. Бишкек шаары - саясий, экономикалык, илимий, административдик жана тарыхый-маданий борбор экендиги баарызыбга маалым. Чүй жергесинен уул-кыздарыбыз билим алып, өлкөбүзгө зор салым кошууда десем жаңылышпайм.

Нечендеген кылымдардан бери берекеси төгүлгөн касиеттүү Чүй жергеси өзүнүн сабырдуу, ток пейил, акылгөй эли менен өлкөбүздүн бардык бурчунан келген жарандарыбызга, ар улуттун өкүлдөрүнө кучагын жайып тосуп алып, ынтымак, биримдик менен жашап келишет.

Урматтуу Сары Өзөн Чүй жергесинин тургундары!

Сиздерди дагы бир жолу Чүй облусунун 90 жылдык мааракеси менен куттуктайм!

Сиздерге чың ден соолук, бакубат жашоо, тынчтык, бакыт-таалай каалаймын. Ар бир үйдө кут-береке толуп турсун! Чүй облусу мындан ары да гүлдөп, өнүгүп, өсө берсин!