ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов Монголия Республикасынан келген делегация менен жолукту

Мэриянын имаратында шаар мэри Албек Ибраимов  менен Моңголиянын президентинин аппарат жетекчисинин орун басары Банзаарай Нэргуй башында турган моңгол делегациясынын жолугушуусу өткөрүлдү.

Жолугушууда Албек Ибраимов Бишкек шаары менен Улан-Батор шаарынын ортосундагы кызматташтыкты мындан ары да өнүктүрүүгө үмүт арта тургандыгын билдирди.


Моңголиянын президентинин аппарат жетекчисинин орун басары өз кезегинде Бишкектин мэрин  достук мамилени бекемдөө үчүн Улан-Баторго иш сапар менен барууга чакырды.


Жолугушууга Бишкек шаарынын вице-мэри Геннадий Милицкий жана Монголиянын Башкы консулдугунун вице-консулу Гончиг Сумъяа катышты.