ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

×

Предупреждение

Не удалось загрузить XML-файл
Opening and ending tag mismatch: hr line 5 and body
Opening and ending tag mismatch: body line 5 and html
EndTag: '
×

Ошибка

nbRatesHelper::loadRates(): Invalid server response

Бишкекте К.Бобуловдун 80 жылдык мааракесине арналган адабий кече өткөрүлдү

Бишкек шаарынын мэриясынын Мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмү жана №2 Ж.Турусбеков атындагы китепкана тарабынан, Тарых жана маданият жылынын алкагында, белгилүү коомдук ишмер, акын, жазуучу, сынчы К.Бобуловдун 80 жылдык мааракесине арналган «Мекеним барда мен бармын» аттуу адабий кече өткөрүлдү.

Кечеге акын-жазуучулар, К.Бобуловдун достору,  туугандары, Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн мамлекеттик тил боюнча адистери, шаардык китепканалардын кызматкерлери, мектеп мугалимдери, К.Бобулов атындагы адабий клубдун мүчөлөрү, студенттер жана окуучулар катышты.


К.Бобуловдун замандаштары жана достору анын эгемендүү Кыргызстандын түптөлүшүнө жана мамлекеттик тилдин өнүгүшүнө кошкон зор салымын белгилешти. Иш-чарада К.Бобуловдун коомдук ишмердиги жана чыгармачылыгы жөнүндө слайд-шоу көрсөтүлүп, анын ырлары окулду.


Бишкек шаарынын мэриясынын Мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Эльвира Ниязбекова К.Бобулов атындагы адабий клубдун мүчөлөрүнө, К.Бобуловага жана №2 Ж.Турусбеков атындагы шаардык китепкананын жетекчиси К.Адыловага мактоо баракчаларын тапшырды.