ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарындагы мектептерде «Акыркы коңгуроо» 27-майда өткөрүлөт

Акыркы коңгуроо салтанаты калаанын бардык мектептерде 27-майда саат 9:00дө башталат.

2015-2016-окуу жылында борбор калаада бүтүрүүчүлөрдүн саны 14 892. Алардын 5380и 11-классты бүтүрүп жатышса, 9512си 9-классты аяктап жатышат.


Билим берүү жана илим министрилигинин "Акыркы коңгуроо салтанаттуу иш-чарасын өткөрүү" буйругу боюнча 2015-2016-окуу жылы 27-майда аяктайт. Ошондой эле бардык мектептерде өтө турган салтанаттуу иш-чаралардын катышуучуларынын коопсуздугун камсыздап, тартипти сактоо үчүн атайын иш-аракеттер жүргүзүлөт.


 27-майда саат 9:00дөн баштап 28-майда таңкы саат 8:00гө чейин Билим берүү башкармалыгынын кызматкерлери, мектеп директорлору жана ата-энелер кезеги менен күзөттө болушат. Бишкек шаарынын мэриясынын  билим берүү башкармалыгынын жана ИИББинин коомдук коопсуздук бөлүмүнүн Жашы жете электердин иши боюнча инспекциясынын кызматкерлеринен турган мобилдүү топтор иштемекчи.


Ошондой эле коопсуздукту жалпысынан шаар боюнча 500 укук коргоо органдарынын кызматкерлери камсыздашат.