ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкекте Үркүндүн 100 жылдыгына арналган жолугушуу болуп өттү

«Көлмө» конушунун №29 китепканасында 1916-жылдагы үркүндүн 100 жылдыгына арналган жолугушуу кечеси өткөрүлдү.

Иш-чарага  тарыхчы-изилдөөчү Памирбек Казыбаев, коомдук ишмерлер, №14 МАБдын кызматкерлери, конуш тургундары, №78 мектептин окуучулары жана БКТ кызматкерлери чакырылды.


Жолугушуу окурмандарды китепке болгон кызыгуусун арттыруу,  патриоттук сезимин ойготуу, Кыргызстандын тарыхын үйрөтүү жана китепканага тартуу максатында өттү.


Бардык катышуучулар   китептер, дубал гезиттер  көргөзмөсүнө, №78 мектеп-гимназиясынын окуучуларынын көркөм окууларына күбө болушту.


Аталган иш-чараны Бишкек шаарынын мэриясынын маданият жана туризм башкармалыгынын алдындагы Борборлоштурулган китепканалар тармагы уюштурду.