ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Свердлов районунда кароосуз калган балдарды аныктоо боюнча рейд өткөрүлдү

Свердлов райондук администрациясы райондун социалдык өнүктүрүү башкармалыгы, жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясы менен биргеликте кароосуз, көзөмөлсүз калган балдарды, кайыр сураган, иштеген  өспүрүмдөрдү аныктоо максатында рейд өткөрдү.

 Рейд түзүлгөн графикке ылайык жүргүзүлдү.


Аталган рейддин жүрүшүндө «Мадина», «Аламүдүн» базарлары, «Чыгыш-5», «Борбордук мечит», «ЦУМ» СК, жер алдындагы өтмөктөр, эски автобекет, Жибек-Жолу – Абдрахманов, Ибраимов, Москва көчөлөрүнүн кесилиштери текшерилди. Жыйынтыгында 5 иштеген бала жана 5 кайыр сураган бала аныкталды.