ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкекте 1916-жылдагы үркүн тууралуу китептин бет ачары болду

Бишкек шаарынын мэриясынын маданият башкармалыгынын алдындагы Борборлоштурулган китепканалар тармагында  Үркүндүн 100 жылдыгына арналган Султан Далбай уулунун «Үркүн үнү» жана Жумагул Байдилдеевдин «1916-жылдагы  көтөрүлүштөгү бай-манаптардын ролу» китептеринин бет ачары өткөрүлдү.

Автор китептин мазмуну, үркүн кандай  башталгандыгы жана архивдик материалдарды кантип чогулткандыгы тууралуу айтып берди.


Иш-чарага китептердин автору, тарыхый илимдердин кандидаты, «Рух кенчи» гезитинин башкы редактору Жумагул Байдилдеев, Ж.Баласагын атындагы КМУ мугалимдери, студенттери, китепкананын кызматкерлери жана окурмандары катышты.


Аталган иш-чаранын максаты окурмандардын китепке болгон кызыгуусун арттыруу, китепканага тартуу болуп саналат.