ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэри «Дельфин» спорткомплексин 2016-жылдын аягына чейин оңдоп бүтүрүүнү тапшырды

Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов «Дельфин» адистештирилген жаш балдардын олимпиадалык резервдик мектебинин оңдоо иштери менен таанышты.

Калаа башчысы Албек Ибраимов текшерүү иштеринин жыйынтыгында аткарылып жаткан жумуш канааттандырарлык эмес экенин белгиледи жана  Капиталдык курулуш башкармалыгына буга чейин аткарылган жумуштарды текшерип, оңдоп-түзөөнүн жаңы долбоорун иштеп чыгууну тапшырды.


Албек Ибраимов оңдоп-түзөөдө имараттын сырткы көрүнүшүн кооздоого басым жасабастан,  маанилүү делген ички, негизги иштерге көңүл коюуу керектигин белгиледи.
"Сметалык долбоорду кайрадан бассейндин талаптарына ылайыктап жасап чыгуу зарыл. Спорттук комплекс жалпы шаардыктарга тиешелүү борборго  айланышы керек",— деди калаа башчысы.


Калаа башчысы Бишкек шаарынын мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгына имаратты реконструкциялоо боюнча тендер жарыялоону тапшырды. Анда Ибраимов тендерге жергиликтүү эле эмес, жаңы, заманбап технологияны колдоно турган чет элдик компаниялар да катыша тургандай шартты камсыздоону белгиледи.


Ошондой эле мэр имаратты сапатсыз оңдогон бөдрөтчүлөрдү жоопкерчиликке тартууну тапшырды.