ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэриясы «Оберег» калыбына келтирүү борборуна капиталдык оңдоо жүргүзөт

Бишкек шаарынын мэриясы Васильев көчөсүндө жайгашкан «Оберег» балдарды калыбына келтирүү борборунун имаратын  капиталдык оңдоодон өткөрөт.

Аталган маселелерди Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов «Оберег» борборунун жамааты менен жолугушуусунда талкуулады.


Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонду тарабынан муниципалитетке бала бакчаны өткөрүп берүү маселеси Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарынын  кароосуна берилет.


Бала бакчаны муниципалитетке өткөрүлүп берилгенден кийин «Оберег» балдарды калыбына келтирүү борбору  дагы бир жаңы имаратка  толукталат.


Ошондой эле учурда «Асанбай» кичи райондо жайгашкан №156 бала бакчаны капиталдык оңдоодон өткөрүү пландалууда. Оңдолгон имаратты муниципалитет башчысы  ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга бала бакча кылып берүүнү пландоодо.