ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Ленин райондук администрациясы райондун баатыр энелерин Энелер күнү менен куттуктады

Ленин райондук администрациясы тарабынан  «Энесей» кафесинде Энелер күнүнө арналган майрамдык иш-чара өткөрүлдү. Иш-чарага 191 көп балалуу эне катышты.

Райондун башчысы Нурдин Тынаев «Баатыр эне» ордени жана «Эне даңкы» медалы менен сыйланган энелерди «Энелер күнү» менен  куттуктады.


Майрамдын урматына энелерге белектер тапшырылып, кыргыз эстрада жылдыздары жана балдар чыгармачылык жамаатынан майрамдык концерт тартууланды.


«Баатыр эне» ордени жана «Эне даңкы» медалы менен сыйланган энелерге администрация тарабынан көңүл бурулуп, медициналык жана социалдык маселелерин чечүүдө кызмат көрсөтүп келет.


Ленин районунун Социалдык өнүктүрүү башкармалыгында 191 көп балалуу эне каттоодо турат. Анын ичинен: 125 эне «Баатыр эне» ордени жана 66 эне «Эне даңкы» медалы менен сыйланган.