ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкекте Мукай Элебаевдин 110 жылдыгына арналган «Улууга кеткен узак жол» аттуу эскерүү кечеси өткөрүлдү

Бишкек шаардык борборлоштурулган китепкана тармагындагы борбордук китепкананын Мекен таануу бөлүмү  тарабынан уюштурулган Мукай Элебаевдин 110 жылдыгына арналган «Улууга кеткен узак жол» аттуу эскерүү кечеси өткөрүлдү.

Эскерүү кечеге эл акыны жана котормочу Мукан Асаналиев, эл акыны Төлөгөн Мамиев,  Нурпайыс Жаркынбаев акын жазуучулар катышты.


Уюштурулган китеп көргөзмөгө  баяндама берилип, өзгөчө жазуучунун «Узак жол» автобиографиялык романынын 80 жылдыгына басым жасалды.  Мукай Элебаевдин жарыка чыгарылбай калган архивден алынган  аудио лекциясы коюулуп, китепте жазылбай калган өмүрү-чыгармачылыгы тууралуу жаңы толукталып айтылды . Акындын ырларынан мектеп окуучулар  көркөм окуп, суроо-жооптор берилип, акынды эскерүү маеги кызыктуу жүргүзүлдү.  


Ошондой эле  «Асылзат» чыгармачыл тобунун жетекчиси Жээнчороева Асипанын аткаруусунда  музыкалык аспаптардын коштоосунда ырлар аткарылды.