ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов окуучунун өмүрүн сактап калгандыгы үчүн КР ИИМ атайын багыттагы кызматкерлерине ыраазычылык билдирди

Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов 17-майда  окуучунун өмүрүн сактап калгандыгы үчүн КР ИИМ атайын багыттагы кызматкерлерине ыраазычылык катттарын  тапшырды.

2016-жылдын апрель айында Тынчтык проспектиси жана Москва көчөлөрүнүн кесилишинде 16 жаштагы кызга ИИМдин кызматкерлери биринчи жардам көрсөтүп, ооруканага жеткиришкен.


Адамдын өмүрүн сактап калгандыгы үчүн ыраазычылык катын КР ИИМ атайын багыттагы кызматкерлери Ашим уулу Нургазы жана Кудайназаров Орозбекке тапшырылды.