ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов Азия чемпионатында байгелүү орунду ээлеген жаш шахматчылар менен жолукту

Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов 17-майда Монголияда өткөн Азия чемпионатында байгелүү орундарга ээ болгон жаш шахматчылар менен жолукту.

Монголиянын борбору Улан-Батор шаарында өткөн эл аралык таймашта беш жаштагы Чыңгыз Султай БЛИЦ боюнча күмүш жана классикалык шахмат боюнча коло медаль тагынган. Ал эми дагы бир беш жаштагы спортчу Айдана Съездбекова классикалык шахмат боюнча күмүш медалга ээ болгон.


Шаардык муницпалитеттин башчысы жаш спортчуларга белектерди тапшырып, ийгиликтерди каалады.


Жолугушууга КР шахмат федерациясынын президенти Милан Турпанов, жаш шахматчылардын ата-энелери катышты. Ошондой эле жолугушууда Бишкекке Балдар шахмат академиясын түзүү талкууланды.