ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Шаардык мэрия ыкчам режимде ирригацияларды тазалоо иштерин жүргүзүүдө

Шаардык кызматтардын кызматкерлери 16-майда шаар тургундарынан түшкөн арыздар боюнча коллектордук-дренаждык тутумдарды тазалоо боюнча иштерди жүргүзүүдө.

Бишкек шаарынын мэриясынын Ыкчам чараларды көрүү «185» кызматынын 16-май саат 17:00 берген маалыматы боюнча шаар тургундарынан 7 арыз  келип түшкөн. Бардык арыздар боюнча «Жашылдандыруу» жана «Тазалык» муниципалдык ишканаларынын кызматкерлери ташкын сууларды четтетүү иштерин жүргүзүүдө.


Ирригациялык тутумдар жабылып, суу  каптаган учурларда шаар тургундары  WhatsApp колдонмосу аркылуу төмөнкү номерлерге арыздарды жибере алышат. Арызда дарек туура көрсөтүлүүгө тийиш.


- Азимбаев Мирлан Абылкаирович (Ленин району) — 0556 25-05-82;


- Акматбаев Таалайбек Таберикович (Октябрь району) — 0777 55-22-11;


- Шарапов Руслан Эсенбекович (Биринчи май району) — 0558 33-66-40;


- Шакитов Сагынбек Усеналиевич (Свердлов  району) — 0773 56-73-70.


Бишкек шаарынын мэриясы арыктарга жана коллектордук-дренаждык тутумдарга таштанды таштабоосун суранат.