ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Калаада таяк тартыш боюнча Бишкек шаарынын биринчилиги жыйынтыкталды

13-14-май күндөрү И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде таяк тартыш боюнча Бишкек шаарынын биринчилиги өткөрүлдү.

Мелдеш таяк тартышты элге жайылтуу, өнүктүрүү, ошондой эле Бишкек курама командасына күчтүү спортчуларды топтоо максатында өткөрүлдү.


Спорттук мелдешке эркектер арасында 60 кг, 70 кг, 80 кг, 90 кг, 100 кг чейин жана 105 кг жогорку салмактык категорияда жана  кыз-келиндер арасында 55 кг, 65 кг чейин жана 65 кг жогорку салмактык категорияда 100 ашык спортчу катышты.


Мелдеш Бишкек шаардык дене тарбия жана спорт комитети жана Кыргыз Республикасынын Таяк тартяш федерациясы тарабынан уюштурулду.


Мелдештин жыйынтыгы менен эркектер арасында 60 кг чейинки салмактык категорияда 1-орунду Нурсултан  Турганбаев,   2-орунду  – Нургазы  Барманов  жана 3-орунду  - Таалайбек уулу Замирбек алды.


70 кг чейинки салмактык категорияда 1- орунга –Нурбек Токонов, 2-орунга  – Аалы Искендеров жана 3-орунга  – Сүйөркул уулу Нурбек ээ болду.


80 кг чейинки салмактык категорияда 1-орунду - Сергей Зенов, 2-орунду  - Кадыр уулу Артур жана 3-орунду  – Кубатбек уулу Эрик багындырды.


90 кг чейинки салмактык категорияда  1-орунга Олег Алтунин, 2-орунга  – Сергей Зенов жана 3-орунга  – Бекзад Туракулов ээ болду.


105 кг чейинки салмактык категорияда 1-орунду Бекзат Туракулов, 2-орунду –Бахтияр Токтаев  жана 3-орунду  – Евгений Федянин алды.


105 кг жогорку салмактык категорияда 1-орунга Шухрат Дараев, 2-орунга  – Ренат Байдаков жана 3-орунга  – Айбек уулу Канат ээ болду.


Кыз-келиндер арасында 55 кг чейинки салмактык категорияда 1-орунду Динара Иманканова, 2-орунду  – Бургхан кызы Каным жана 3-орунду  – Уулкан Асаерва багындырды.


65 кг чейинки салмактык категорияда 1-орунга Айдана Осмонова, 2-орунга  – Ашырбек кызы Гулнур жана 3-орунга – Изабелла  Музурбаева ээ болду.


65 кг жогорку салмактык категорияда 1-орунду Ольга Шайнурова, 2-орунду  – Ирина Миронова жана 3орунду  – Нурбек кызы Нуркыз алды.


Жеңүүчүлөр уюштуруучулардын атынан диплом, медаль жана баалуу белектер менен сыйланышты.