ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкекте татар акыны Габдулла Тукаевдин 130 жылдыгына арналган эскерүү кечеси өткөрүлдү

«Диалог» маданият үйүндө татар акыны Габдулла Тукаевдин 130 жылдыгына арналган эскерүү кечеси өткөрүлдү.

Иш-чараны Борлорлоштурулган китепканалар тармагы Борбордук шаардык китепканасы жана «Диалог» маданият үйү уюштурду.


Аталган иш-чаранын максаты белгилүү татар акыны Габдулла Тукаевдин өмүрү жана чыгармачылыгын таанытуу болуп саналат.


Куттуктоо сөзү менен Россия элчилигинен Роскызматташтыгынын жана КР Маданият министрлигинин өкүлдөрү катышты.


Иш-чара «Дослук» ансамблисинин жана уйгур диаспорасынын ырчыларынын концерттик программасынын коштоосунда өттү. Катышуучулар үчүн акындын ырлары окулду.


Борлоштурулган китепканалар тармагынын атынан Татар династиясынын өкүлү  Ж .Х .Холибаевага жана «Дослук» ансамблисинин жетекчисине ардак грамота тапшырылды.