ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

«Жашылдандыруу» МИ калаанын көчөлөрүнө гүлдөрдү отургузуу иштерин жүргүзүүдө

«Жашылдандыруу» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери шаардын клумбаларына бир жылдык гүлдөрдү отургузуу иштерин жүргүзүүдө.

2016-жылдын 10-июнуна чейин клумбаларга 1 млн. 218 миң 473 даана бир жылдык сальвия, тагетис, арстан ооз, георгин, пеларгония, агератум жана  герань  гүлдөрү отургузулат.


Учурда Абдрахманов көчөсүнүн жана Манас проспектисинин жол боюндагы клумбаларга, ошондой эле жаштар аллеясына гүлдөр отургузулууда.


Бишкек шаарынын мэриясы шаар тургундарын жана конокторун шаарды сүйүүгө жана «Жашылдандыруу» муниципалдык ишканасынын кызматкерлеринин эмгегин сыйлоого чакырат.