ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

×

Предупреждение

Не удалось загрузить XML-файл
Opening and ending tag mismatch: hr line 5 and body
Opening and ending tag mismatch: body line 5 and html
EndTag: '
×

Ошибка

nbRatesHelper::loadRates(): Invalid server response

Бишкек жана Токмок шаарларынын мектептеринин лидерлеринин кезектеги жолугушуусу өткөрүлдү

Бишкек шаарынын мэриясынын «Жаш карек» долбоорунун алкагында Бишкек жана Токмок шаарларынын мектеп лидерлеринин кезектеги жолугушуусу өткөрүлдү.

Аталган долбоордун максаты Кыргызстандын шаарларындагы жана аймактарындагы окуучулар арасында аймактар аралык достукту өнүктүрүү, жаш өспүрүмдөрдүн бош убактысын өлкөнүн облустары менен шаарларынын  тарыхый, географиялык өзгөчөлүктөрүн таанып билүүгө тартуу, мектеп окуучулар арасында өз жерине болгон патриоттук сезимин күчөтүү жана республиканын көптөгөн аймактарында билим алып жаткан жаш өспүрүмдөр арасындагы ынтымакты күчөтүү, өз жерин сүйүү, ошондой эле жаратылышка аяр мамиле жасоо болуп эсептелет.


Долбоордун алкагында окуучулар жакындан таанышып, региондор арасында достук көпүрөсүн өнүктүрүүгө салым кошушту. Аталган долбоорго катышуу менен окуучулар өз мекенинин өзгөчөлүктөрүн баалоону үйрөнүштү.


Бишкек шаарынын № 38 мектебинин окуучулары Кемин өрөөнүнө барып, Кемин районунун Ак-Түз айылынын тарыхы менен таанышууга мүмкүнчүлүк болду.


Иш-чара Кыргыз Республикасынын  Президенти А. Атамбаевдин  “2016-жылды Тарых жана маданият жылы деп жарыялоо” жөнүндө Жарлыгын алкагында  уюштурулду.