Биринчи май райондук администрациясы райондун көп балалуу энелерин Энелер күнү менен куттуктады
- Подробности
- Опубликовано 16.05.2016 10:48
Шубин атындагы музыкалык мектептин чоң залында Биринчи май райондук администрациясы тарабынан Энелер күнүнө арналган майрамдык иш-чара өткөрүлдү.
Иш-чарага 180 эне чакырылды. Анын ичинен: 44 эне «Эне даңкы» жана 136 эне «Баатыр эне» медалы менен менен сыйланышкандар.
Райондук администрация башчысы Аскербек Алиевдин атынан чакырылгандарга материалдык жардам көрсөтүлүп, майрамдык концерт тартууланды.
Баатыр энелерге, «Эне даңкы» ордени жана «Баатыр эне» медалы менен сыйланган энелерге Биринчи май райондук администрациясы медициналык жана социалдык жактан кызмат көрсөтүп келет.
Бишкек шаарынын мэри
КРУБ валюталар курсу
18.04.2024 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |