ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Борбордук китепкананын кызматкерлери үчүн мамлекеттик тил боюнча окутуу семинары өткөрүлдү

Бишкек шаарынын мэриясынын Мамлекеттик тилди өнүктүрүү  бөлүмү тарабынан Борбордук китепкананын кызматкерлери үчүн “Иш кагаздарды мамлекеттик тилде жүргүзүү”, “Кыргыз Республикасында иш кагаздарды (мамлекеттик тилде) жүргүзүү боюнча типтүү нускама”, “Кыргызтест” тестирлөөсүнө даярдык”  аттуу окуу семинарлары өткөрүлүүдө.

Окутуу семинарына китепкананын 40 кызматкери катышты.


Окуу семинарлары Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2014-жылдын 2-июнундагы № 119 “Кыргыз Республикасында 2014-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн улуттук программасы жөнүндө”  жарлыгын жана Бишкек шаарынын мэриясынын 2016-жылдын 10-мартындагы № 33 “Ачык мүмкүнчүлүктөр шаары” 2014-2018-жылдарга Бишкек шаарын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын ишке ашыруу боюнча 2016-жылга аракеттер планы жөнүндө” токтомун ишке ашыруу максатында өтүлүп жатат.