ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкекте Көчмөндөр оюнуна канча күн калганын санай турган саат орнотулду

Бишкектин Ала-Тоо аянтына 15-майда 2016-жылдын сентябрь айында өтө турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна канча күн калганын санай турган электрондук саат орнотулду.

Салтанаттуу ачылыш аземине Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Гүлмира Кудайбердиева жана Бишкек шаарынын вице-мэри Айгүл Рыскулова катышты.


Конструкциянын узундугу 3,5 метр, бийиктиги – 4,3 метр жана туурасы -1,2 метрди түзөт. Саат темирден жасалып, улуттук стилде кооздолгон.


Сааттын  ачылыш аземи кол өнөрчүлөрдүн жармаңкеси, маданий иш-чаралар, ырчы-чоорчулардын концерти менен коштолду.