ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкекте «Өлкөнүн келечеги биздин колубузда, кылмыштуулукка жана экстремизмге жол жок» аталышта форум өткөрүлдү

Бүгүн, 14-майда Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын жыйын залында «Өлкөнүн келечеги биздин колубузда, кылмыштуулукка жана экстремизмге жол жок» аталышта форум өткөрүлдү.

Форумга Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри Мелис Турганбаев, Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов, Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Алмаз Кененбаев, Бишкек шаардык ИИББнын башчысы Кашкар Жунушалиев, Бишкек шаарынын казысы, ошондой эле райондордун акимдери, МАБдардын башчылары жана Бишкек шаарынын бардык райондорунун тургундары катышты.


Катышуучуларга онунчу башкармалыктын кызматкерлеринин жана жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекторлорунун ишмердүүлүгү тууралуу тасма көрсөтүлдү.


Өзүнүн сөзүндө Албек Ибраимов Бишкек шаарынын мэриясы ИИББ жана дин кызматкерлери менен биргеликте жашы жете элек өспүрүмдөр арасында кылмыштуулукту жана экстермизмди алдын алуу иштерин жана жолугушууларын өткөрүп келерин белгиледи.


Форумда жаш өспүрүмдөр тарабынан жана аларга карата жасалган кылмыштарды алдын алуу боюнча коомчулук арасындагы терс көйгөйлөрдү ортого салуу, бирдиктүү макулдашылган мамилелерди иштеп чыгуу менен ар кандай деңгээлдеги жолугушууларды өткөрүү жана резолюцияны кабыл алуу талкууланды.


Ошондой эле, иш-чаранын соңунда Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов, Ички иштер министри Мелис Тругнабаев жана Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Алмаз Кененбаев кылмаштуулук менен күрөшүүдө жана коомдук коопсуздукту сактоодо тыгыз иш алып барышкандыгы үчүн шаар тургундарын ведомстволук сыйлыктар менен сыйлашты.