ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Октябрь райондук администрациясы райондун баатыр энелерин келе жаткан «Энелер күнү» менен куттуктады

Октябрь районунун №3 орто мектебинде Энелер күнүнө арналган майрамдык иш-чара өткөрүлдү.

Иш-чара район башчысынын орун басары Татьяна Кузнецованын, райондун көп балалуу энелеринин, баатыр энелердин  катышуусунда өттү.


Салтанаттуу иш-чаранын жүрүшүндө 2 энеге «Баатыр эне» ордени жана 3 энеге «Эне даңкы» медалы тапшырылды.


Майрамдык иш-чара «Шайыр балалык» балдар чыгармачылык борборунун концерттик программасы менен улантылды.


Ошондой эле райондун көп балалуу энелерине материалдык жардамдар көрсөтүлдү.