ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкекте «Эр Жигит -2016» кароо-сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды

Шаардык билим берүү башкармалыгы Кыргыз Республикасынын Улуттук Гвардиясы менен биргеликте «Эр- Жигит -2016» кароо-сынагын өткөрүштү.

Кароо-сынакка райондук мелдеште 1-2-орунга ээ болгон 8 команда, Свердлов районунун №№11, 12 мектептери, Биринчи май районунун №№24, 27, Октябрь районунун №73, 88 жана Ленин районунун №№7, 40 мектептеринин командалары катышты.


Конкурстун жыйынтыгы боюнча биринчи орунду - №73 жалпы билим берүү мектеби, экинчи орунду - №11 жалпы билим берүү мектеби жана үчүнчү орунду - №24 мектеп-гимназиясы багындырды.


№73 мектеп «Эр Жигит» республикалык конкурсуна катышат.


Баардык жеңүүчү командалар грамота, медаль, кубок жана белектер менен сыйланышты.


Иш-чара окуучуларды патриоттуулукка тарбиялоо, чоң класстардын окуучуларынын атайын жана физикалык даярдыктарын өнүктүрүү, сергек жашоого үндөө максатында өткөрүлдү.