ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Санитардык-экологиялык инспекция санитардык нормаларды бузгандарга протокол түздү

Бишкек шаарынын мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясынын кезектеги текшерүүсүндө Заречная көчөсү, 15 дарегинде жайгашкан жеке мончонун ижарачысы тигүү калдыктарын жагып, санитардык нормаларды сактабагандыгы жана Бишкек шаарынын көрктөндүрүү эрежелерин бузгандыгы аныкталды.

Жыйынтыгында СЭИ инспекторлору Масалбек кызы М.дин атына Кыргыз Республикасынын «Административдик жоопкерчилик жөнүндө» кодексинин №488 беренеси боюнча протокол түзүлүп, Свердлов райондук административдик комиссиясынын кароосуна жиберилди.