ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Шаардык кызматтар калааны көрктөндүрүүнү улантууда

«Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери шаардын баардык аймагында чөптөрдү жана жандуу кашааларды кыркуу иштерин жүргүзүүдө.

Бүгүн, 13-майда Октябрь районунда 12 адам чөп чабуу үчүн, 95 короо шыпыргыч жана 24 жүктөөчү; Свердлов районунда – 12 адам чөп чабуу үчүн, 124 короо шыпыргыч, 24 жүктөөчү жана 9 бирдик техника ишке тартылды; Ленин районунда  152 короо шыпыргыч, 34 жүктөөчү жана 13 чөп чабуу үчүн адам,  ошондой эле Биринчи май районунда 157 короо шыпыргыч, 13 жумушчу жана 17 бирдик атайы техника ишке  тартылды.


Учурда Шопоков, Ибраимов, Сухэ-Батора, Айтиев, Токомбаев көчөлөрүндө жана Чүй проспектисинде чөптөрдү кыркуу иштери жүргүзүлүүдө. Бул багыттагы иштер башка көчөлөрдө дагы улантылат.


«Тазалык» МИ жана шаардык МАБдардын кызматкерлери күн сайын таң эртеден баштап  штаттык режимде иштөөдө.