ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкекте Мукай Элебаевдин 110 жылдыгына арналган эскерүү кечеси өткөрүлөт

13-майда саат 12:00до Борбордук китепканада (Чокморов көчөсү №246) Мекен таануу бөлүмү тарабынан белгилүү кыргыз акыны, жазуучусу, котормочу Мукай Элебаевдин 110 жылдыгына арналган эскерүү кечеси өткөрүлөт.

Жолугушууга белгилүү акындар - Мукан Асаналиев, Төлөгөн Мамиев, ошондой эле башка жазуучулар, Ж.Баласагын атындагы КМУ студенттери, №68 мектеп-гимназиясынын окуучулары чакырылды.


Жолугушуу окурмандарды китепканага тартуу, кызыктыруу, ошондой эле Мукай Элебаевдин чыгармачылыгы, өмүр баянын таанытуу максатында өтөт.


Баардык каалоочулар үчүн китепканада китептер көргөзмөсү уюштурулду. Иш-чаранын коноктору акындын ырларын угуп, кызыккан суроолорун бере алышат.