ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Калаанын мектептеринде Энелер күнүнарналган иш-чаралар өткөрүлөт

Калаанын жалпы билим берүү мектептеринде Энелер күнүнө арналган майрамдык иш-чаралар өткөрүлөт.

13-майда саат 12:00до №46 жалпы билим берүү мектебинин базасында жана 16- майда саат 11:00до №93 орто мектебинде  майрамдык иш-чаралар өткөрүлөт.

 

Иш-чаранын программасында баатыр энелер, Ооган согушуна жана Баткен окуяларына катышкандардын энелери даңкталып, аларга майрамдык салтанат тартууланат.


Мындан тышкары, жалпы билим берүү уюмдарында чыгармачылык жолугушуулар, класстык сааттар жана ардактуу коноктордун катышуусунда концерттер өткөрүлүүдө.


Энелер күнү Кыргыз Республикасынын президенти Алмазбек Атамбаевдин 2012-жылдагы  жарлыгы менен май айынын ар үчүнчү жекшембисинде белгиленип келет.