ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Мэрия шаар тургундарынын арыздары боюнча арыктарды тазалоо иштерин жүргүзүүдө

Кече, 10-майда таң эртеден түнгө чейин шаардык кызматтардын кызматкерлери шаар тургундарынан түшкөн арыздардын негизинде коллектордук-дренаждык тутумдарды тазалоо боюнча иштерди жүргүзүштү.

Бишкек шаарынын мэриясынын Ыкчам чараларды көрүү «185» кызматына шаар тургундарынан 24 арыз келип түшкөн. Келип түшкөн арыздар боюнча «Жашылдандыруу» жана «Тазалык» муниципалдык ишканаларынын кызматкерлери суу толуп калган жерлерге барып, тазалоо иштерин жүргүзүштү.


Ирригациялык тутумдар жабылып, суу  каптаган учурларда шаар тургундары  WhatsApp колдонмосу аркылуу төмөнкү номерлерге арыздарды жибере алышат. Арызда дарек туура көрсөтүлүүгө тийиш.


- Азимбаев Мирлан Абылкаирович (Ленин району) — 0556 25-05-82;


- Акматбаев Таалайбек Таберикович (Октябрь району) — 0777 55-22-11;


- Шарапов Руслан Эсенбекович (Биринчи май району) — 0558 33-66-40;


- Шакитов Сагынбек Усеналиевич (Свердлов  району) — 0773 56-73-70.


Бишкек шаарынын мэриясы арыктарга жана коллектордук-дренаждык тутумдарга таштанды таштабоосун суранат.