ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкекте Улуу Ата Мекендик согуш тууралуу эскерүүлөр жолугушуусу өткөрүлөт

11-майда саат 11:00до Борбордук шаардык китепканада (Чокморов көчөсү №246) Жеңиштин 71 жылдыгына арналган Улуу Ата Мекендик согуш тууралуу эскерүүлөр жолугушуусу өткөрүлөт.

Иш-чараны Бишкек шаарынын мэриясынын Маданият жана туризм башкармалыгынын алдындагы Борборлоштурулган китепканалар тармагы Борбордук шаардык китепканасы уюштурууда.


Жолугушууга согуштун ардагерлери, Ж.Баласагын атындагы КМУнун студенттери катышат.


Иш-чаранын максаты китепке болгон кызыгууну жогорулатуу жана окурмандарды китепканага тартуу, шаардын жаш тургундарынын патриоттук сезимин көтөрүү болуп саналат.