ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкекте Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго арналган «Өлбөс полк» акциясы өткөрүлдү

Калаада Бишкек шаарынын мэриясынын, шаар тургундарынын жана ардагерлеринин катышуусунда Бишкек шаардык кеңеши тарабынан уюштурулган Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго арналган «Өлбөс полк» акциясы өткөрүлдү.

"Өлбөс полктун" расмий жүрүшү Түштүк дарбазадан башталып, Абдрахманов (Советская) көчөсү менен Фрунзе көчөсүнө чейин уланды. Ошол эле учурда жүрүш Эски аянтта да башталды. Акция Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев, Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов жана Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарынын катышуусунда Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорду эскерүү митинги өткөрүлгөн Жеңиш аянтында Өчпөс отко гүл коюу менен жыйынтыкталды.


Жүрүштүн ар бир  катышуучусу колдоруна согушта курман болгон жана согушка катышкан туугандарынын сүрөттөрүн алып, алардын эрдиктерин даңктап өтүштү.


Ошондой эле иш-чарага шаардык кызматтардын кызматкерлери, окуучулар жана студенттер катышты.


Бишкекте «Өлбөс полк» жүрүшү үчүнчү ирет өткөрүлүүдө. Мындай иш-чара биринчи жолу Томбове (Россия) шаарында өткөрүлгөн. Бүгүнкү күндө «Өлбөс полк» Россияда гана эмес башка өлкөлөрдө да өткөрүлүүдө.