ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Урматтуу радио жана байланыш кызматкерлери!

Сиздерди 7-май радио күнү жана байланыш кызматкерлеринин күнү менен Бишкек шаарынын мэриясынын жана өзүмдүн атымдан куттуктайм!

Радио кызматкерлери элибизге ар тараптуу, туура жана так маалыматтар менен камсыз кылып, жагымдуу маанай тартуулап келет. Сиздердин шаар турмушундагы окуяларды элге так, ыраттуу, ыкчам жеткирүүдөгү эмгегиңиздер үчүн терең ыраазычылык билдирем.


Сиздердин кесипкөй жана мыкты жамаатыңар жетишкен ийгилктеринде токтолбостон, жаңы бийиктиктерге жетишип, жаңы идеяларды ишке ашырып, түгөнбөс энергия жана угуучуларга жагымдуу маанай тартуулай беришине тилектешмин.


Сиздерге чын ден соолук, бакубат жашоо жана ишиңиздерге чыгармачылык ийгиликтерди каалаймын.


Майрамыңыздар менен!


Сиздерди терең урматтоо менен,


Бишкек шаарынын мэри
А. Ибраимов