ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкекте жалпы шаардык ишембилик өткөрүлдү

Өткөн ишембиде Бишкек шаарын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча жарыяланган үч айлыктын алкагында калаанын бардык райондорунда ишембилик өткөрүлдү.

Ишембиликке 89 уюм жана мекемеден 5 миң 440 адам катышып, 4 бирдик атайы техника тартылды.


Бишкек шаарынын мэриясынын аппаратынын кызматкерлери Э.Гареев атындагы Ботаникалык бактын айланасын тазалашты.


Ишембиликке Ленин районунан 17 уюм жана мекемеден 2 миң адам катышып, райондун айланасы тазаланды.


Октябрь районунан 31 уюмдан 1 миң 125 адам катышып, «Физкультурный» сейил багы жана Жеңиш паркынын айланасын тазалашты.


Биринчи май районунда 16 мекеме жана уюмдан  1 миң 578 адам катышты. Катышуучулар тарабынан медициналык жана окуу мекемелеринин айланасы тазаланды.


Свердлов районунан 25 уюмдан 664 адам катышты. Катышуучулар тарабынан чөптөр чабылып, арыктар тазаланды, 50 түп эмен көчөтү отургузулду.