ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

СЭИ шаардын санитардык тазалыгы боюнча рейд өткөрдү

Бишкек шаарынын мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясы шаардын тазалыгы боюнча рейд өткөрдү.

Рейддин жүрүшүндө тигүү цехинин (Зеленая көчөсү, 12) жана «Ордо инвест пропертус» ЖЧКсынын (Ибраимов көчөсү , 115) айланасы антисанитардык абалга жеткендиги аныкталды.


Цехтин айланасына тигүү калдыктары чогултулуп, өрттөлгөн, ошондой эле Бишкек шаарынын көрктөндүрүү эрежелери жана санитардык нормалары бузулган. Мындан тышкары КТК чыгарууга келишим түзүлгөн эмес.


«Ордо инвест пропертус» ЖЧКсынын кызматкерлери курулуш таштандыларын белгиленбеген жерге чогултуп, жыйынтыгында арыктар курулуш таштандыларына жана инерттүү материалдарга толгон.


Текшерүүнүн жыйынтыгында СЭИ инспекторлору тарабынан тигүү цехинин ээси Ахметжанов К.Н. жана «Ордо инвест пропертус» ЖЧКсынын директору Жумаев Т.Ж. атына Кыргыз Республикасынын «Административдик жоопкерчилик жөнүндө» кодексинин №488 беренеси боюнча протокол түзүлүп, Свердлов райондук административдик комиссиясынын кароосуна жиберилди.