ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

«Тазалык» МИ жолбун иттерди атуу иштерин жүргүзүүдө

2016-жылдын башынан бери  «Тазалык» муниципалдык ишканасына шаар тургундарынан жолбун иттерди атуу боюнча 38 жолу кайрылуу түшкөн.

«Тазалык» муниципалдык ишканасынын жолбун жаныбарлар менен күрөшүү бөлүмү жолбун иттерди атуу, кармоо, өлгөн жаныбарлардын сөөктөрүн алуу иштерин жүргүзүшөт.


Атылган жолбун жаныбарлардын сөөгү көмүү үчүн Бишкек санитардык полигонуна жеткирилет.


Шаар тургундарынын арыздары Бишкек шаарынын мэриясынын «185» кызматына жана «Тазалык» ишканасынан диспетчердик кызматына келип түшөт.


2016-жылдын январь айынан март айына чейин төрт райондон Бишкек санитардык полигонуна 4530 атылган ит жеткирилген. (Биринчи май району – 1843, Свердлов району 1079, Ленин району – 1015 жана Октябрь району - 593).