ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэриясы, КР Саламаттыкты сактоо министрлиги жана Туркиянын премьер-министринин аппаратына караштуу кызматташуу жана координация боюнча түрк агенттиги кызматташуу жөнүндө долбоордук келишимине кол коюшту

Келишимге Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов, Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев жана Кыргызстандагы ТИКА кеңсесинин координатору Эврен Рутбил кол койду.

Келишимдин алкагында Бишкекте кыргыз-түрк достугунун ооруканасы курулат. Аталган долбоорду ишке ашырууга шаардык муниципалитет 36 млн. сом бөлдү.


Албек Ибраимов Кыргызстан Туркия менен социалдык-экономикалык тармагында кызматташууга кызыктар экендигин белгиледи.


«Оорукана шаар тургундарына гана эмес, конокторго да кызмат көрсөтөт»,-деди мэр.


Келишимдин башкы максаты Кыргызстан жана Туркия мамлекеттеринин арасында саламаттыкты сактоо жана медициналык илим тармагында кызматташуу болуп саналат.


Аталган келишимдин алкагында оорукана  диагностикалык жана даарылоочу жабдуулар менен камсыздалат. Оорукана гастроэнтерология, кардиология, жүрөк-кан тамыр хирургиясы сыяктуу артыкчылык берилген багыттарда иш алып барат.