ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Дене тарбия жана спорт комитетинин кызматкерлери үчүн мамлекеттик тил боюнча семинар өткөрүлдү

Бишкек шаарынын мэриясынын Мамлекеттик тилди өнүктүрүү  бөлүмү тарабынан   Дене тарбия жана спорт комитетинин түзүмдүк бөлүмдөрүнүн кызматкерлери үчүн “Иш кагаздарды мамлекеттик тилде жүргүзүү”, “Кыргыз Республикасында иш кагаздарды (мамлекеттик тилде) жүргүзүү боюнча типтүү нускама”, “Кыргызтест” тестирлөөсүнө даярдык”  аттуу окуу семинары өткөрүлдү.

Семинарда кызматкерлер мамлекеттик тилди өнүктүрүү Улуттук программасын өздөрүнүн мекемесинде натыйжалуу ишке ашыруу боюнча долбоорлорду түзүштү.
Катышуучуларга иш кагаздарды мамлекеттик тилде жүргүзүү боюнча электрондук материалдар, “Кыргызтесттин” талаптары А1, А2, В1,В2,С1” китебинин, “Юридикалык атоолордун жана башка түшүнүктөрдүн орусча-кыргызча сөздүгүнүн” электрондук варианттары жана “Орусча-кыргызча сүйлөшмө” китепчелери берилди.