ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

«Шамдагайлар таймашы» телеконкурсунда Октябрь району жеңишке ээ болду

Октябрь районунун командасы Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт комитети тарабынан уюштурулган «Шамдагайлар таймашы» телевизиондук спорттук конкурсунда жеңишке ээ болушту.

Шаардык муз тебүү аянты кайрадан «Атам, апам жана мен – спорттук үйбүлө» спорттук мелдешин өткөрүүчү жайлардын бирине айланды.


Мелдештин алкагында кыска жана узак аралыкка чуркоо, ошондой эле жалпы командалык эстафета өткөрүлдү. Аталган мелдеш Коомдук биринчи каналдан көрсөтүлгөн телевизиондук шоу болуп эсептелинет.


Мелдешке Бишкек шаарынын райондук администрацияларынан 4 команда, райондук администрациялардын кызматкерлери, райондук спорт комитеттердин жана үйбүлөлөрдүн мүчөлөрү  катышты. Мелдештин эң кичинекей катышуучусу 7 жашта, ал эми улуусу 45 жашта.


Аталган спорттук мелдештин жыйынтыгында биринчи жалпы командалык орунду Октябрь районунун «Жарганат» командасы багындырды. Экинчи орунга Свердлов районунун «Улар» командасы, үчүнчү орунга Ленин районунун «Шумкар» командасы жана төртүнчү орунга Биринчи май районунун «Бүркүт» командасы ээ болду.