ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Биринчи май райондук администрациясы жашы жете элек өспүрүмдөр арасында укук бузууларды алдын алууну талкуулады

Биринчи май райондук администрациясынын жыйын залында район башчысы Аскербек Алиевдин жетекчилиги алында кезектеги жыйын өткөрүлдү.

Жыйында жашы жете элек өспүрүмдөр арасында көзөмөлсүз жана кароосуз калгандарды, кылмыштуулукту, укук бузууну алдын алуу тууралуу жана шаарды көрктөндүрүү, жашылдандыруу жана санитардык тазалык боюнча аткарылган иштер талкууланды.

Райондогу укук бузууларды алдын алуу боюнча ИИБ жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын, Билим берүү борборунун директорунун жана Социалдык өнүктүрүү башкармалыгыны башчысынын докладдары угузулду.

Район башчысы ИИБ Жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспексиясы, Социалдык өнүктүрүү башкармалыгы жана Райондук билим берүү борбору менен биргеликте иштеген балдарды аныктоо, кароосуз жана көзөмөлсүз калууну алдын алуу, ошондой эле борбордук көчөлөрдө, базарларда, автобекеттерде кайыр сурагандарга рейд жүргүзүү тапшырмасын берди.

Жалпы жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жетекчилерине жана  Социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын үйбүлөнү жана баланы коргоо бөлүмүнө окуучулардын, мектепке чейинки курактагы балдардын социалдык паспортун түзүүдө өзгөчө көңүл бурууну, мигранттардын балдарын көзөмөлдөөнү  тапшырды.

Жыйындын соңунда жашы жете элек өспүрүмдөр арасында көзөмөлсүз жана кароосуз калгандарды, кылмыштуулукту, укук бузууну алдын алууну тездетүү жана жалпы билим берүү мекемелеринде мектеп рэкетчилигине жол бербөө чечилди.

Жыйынга райондун ИИБ Жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөөнү өздүк курамы, МАБдардын башчылары, социалдык маселелер боюнча адистер, РББ директорлору, жалпы жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жетекчилери, райондук түзүмдүк бөлүмдөрдүн башчылары катышты.