ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

«Тазалык» жана «Жашылдандыруу» муниципалдык ишканалары калааны тазалоо жана чөптөрдү кыркуу иштерин жүргүзүүдө

Калаанын муниципалдык аймактык башкармалыктарынын жана «Тазалык» муниципалдык ишканасынын короо шыпыргычтары калааны көрктөндүрүү боюнча жарыяланган үч айлыктын алкагында шаарды тазалоо иштерин жүргүзүүдө.

Күн сайын эртең менен графикке ылайык «Тазалык» МИ кызматкерлери калаанын жолдорун жана  коомдук транспорт токтоочу аялдамаларды жууп тазалоо иштерин жүргүзөт.


Бүгүн, 29-мартта калааны тазалоо иштерине Октябрь району боюнча  - 98 короо шыпыргыч жана 9 бирдик атайы техника; Биринчи май району  боюнча – 155 короо шыпыргыч жана 8 бирдик техника; Свердлов району боюнча – 121 короо шыпыргыч жана 10 бирдик атайы техника; Ленин району боюнча  – 110 короо шыпыргыч жана 8 бирдик техника тартылды.


«Жашылдандыруу» муниципалдык ишканасы графикке ылайык чөптөрдү кыркуу жана арыктарды тазалоо иштерин жүргүзүүдө.


26-марттагы ишембиликке Свердлов районунан 85 уюм жана чарба субъектилеринен 831 адам, Биринчи май районунан 75 мекеме жана уюмдан 2 миң 140 адам, Октябрь районунан 42 уюмдан 800дөй адам, Ленин районунан 57 уюмдан 873 адам катышты.


«Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери Сүйүмбаев, Скрябин  көчөлөрү, Чүй проспектиси жана Түштүк магистраль боюнча ирригациялык тутумдарды алмаштыруу иштерин жүргүзүүдө.