ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Жеке турак-жай курулуш чөйрөсүндөгү укук бузууларды алдын алуу жана тартип бузуучуларга карата чара колдонуу боюнча жыйын өткөрүлдү

Бүгүн, 28-марта Бишкек шаарынын мэриясынын басма-сөз борборунда «Жеке турак-жай курулуш чөйрөсүндөгү укук бузууларды алдын алуу жана тартип бузуучуга карата чара колдонуу» боюнча басма-сөз жыйыны  өткөрүлдү.

Басма-сөз жыйынында Бишкек шаарынын мэриясынын Жеке турак-жай курулуш департаментинин башчысы Самарбек Болотбеков мызамсыз курулуштарга чара көрүү жана алдын алуу боюнча журналисттердин суроолоруна жооп берди.


«Өзүңүздөр көрүп тургандай жаздын келиши менен курулуш иштери башталат. Ошондуктан жер тилкелерин өз билемдикке салып басып албоого, турак үйлөрдү курулуш курууга уруксат берилген документтери жок курбоого жана өздөрүнүн жер тилкелерин муниципалдык жердин эсебинен кеңейтип мыйзамсыз иш кылобооңуздарды өтүнөбүз»,-деди Самарбек Болотбеков.


Эскерте кетсек, Кыргыз Республикасынын Жаза кодексинин 172-1 беренесинин 1-пунктуна ылайык, жер участокторун өз алдынча басып, ээлеп алгандарга айып пул 50 эсептик көрсөткүчүндө же үч эселеген айып, же болбосо эркининен 1 жылдан 10 жылга чейин ажыратылат.