ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Калаада “Ыр кесенин” 2-туру өткөрүлөт

2016-жылдын 19-мартында саат 10.00до “Дасмия Кыргыз айылы” маданий-этнографиялык комплексинде “Ыр кесе” салтанаттуу аземи өткөрүлөт.

“Ыр кесе” “Тарых жана маданият” жылына карата мамлекеттик тилди колдонуу чөйрөсүн кеңейтүү, тил маданиятынын деңгээлин жогорулатуу жана тилдер саясатын өркүндөтүү,   улуттар аралык ынтымакты бекемдөө, кыргыз элинин руханий дөөлөттөрүн, каада –салттарын, үрп-адаттарын даңазалоо максатында өтөт.


«Ыр кесенин» 1-туру райондук Билим берүү борборлору тарабынан өткөрүлүп, 80ден ашык билим берүүчү уюмдарынын 200 ашык мугалимдери катышышты.


Биринчи турдун жыйынтыгы менен 12 номинация боюнча эң мыкты деп аталган номерлер шаардык 2-турга тандалып алынды. «Ыр кесенин» шаардык 2-туруна 50дөн ашык билим берүүчү уюмдардын мугалимдери катышышат.