ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Шаардык мэрия Ноорузга карата иш-чаралардын программасын даярдады

Бишкек шаарынын мэриясы «Нооруз - 2016» майрамына арналган иш-чаралардын программасын даярдады.

19-мартта саат 10:00до «Дасмия» этнокомплексинде Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгы  тарабынан калаанын жалпы билим берүү уюмдарынын мугалимдеринин катышуусунда майрамдык иш-чара өткөрөт.

21-мартта саат 10:00дон 13:00го чейин «Ала-Тоо» аянтында майрамдык иш-чара өткөрүлүп, Бишкек шаарынын мэриясынын Маданият жана туризм башкармалыгынын Марал радиосу менен биргеликте даярдаган театрлаштырылган көрсөтүү жана концерт тартууланат.

Саат 11:30 дан 17:00 го чейин Эски аянтта КР ТИМ дипломатиалык корпусунун, «Кыргызпатент», Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун катчылыгынын катышуусунда кайрымдуулук көргөзмө - жарманкеси өткөрүлөт.

Биринчи май районунда 21-мартта саат 10:00до №61 мектебинин алдында маданий-спорттук иш-чара өткөрүлөт.

Саат 13:00до «Щербакова», «Көлмө»,  “Ак-Босого”, “Калыс-Ордо” жана “Мурас-Ордо” конуштарында маданий-массалык жана спорттук иш-чаралар уюштурулуп, райондун Балдар чыгармачылык борбору тарабынан майрамдык концерт тартууланат. Ошондой эле кичи-футбол, волейбол, баскетбол боюнча мелдештер өткөрүлөт.


Свердлов районунда 19 жана 20-мартта саат 14:00до №16 орто мектебинин спорт аянтчасында кичи футбол боюнча мелдеш өткөрүлөт.

20-мартта саат 18:00до «Ак-Тилек» конушунда салттуу тамак сүмөлөк даярдала баштайт. 20-мартта саат 13:00до «Кураж» жана «Хаяль» кафесинде тургундар үчүн майрамдык түшкү тамактануу уюштурулат.

21-мартта саат 10:00до «Каражыгач токоюнда» жана «Бакай-Ата» конушунда тургундардын, жалпы билим берүү уюмдарынын жана музыкалык мектептердин катышуусунда майрамдык  иш-чара өткөрүлөт.

Саат 10:00до Гоголь көчөсү №96 жана Куйбышев көчөсү №93 дарегинде жашоочулар үчүн майрамдык иш-чара өткөрүлөт. Саат 10:30 дан 13:30 га чейин «Эне-Сай» конушунун тургундары Нооруз майрамын өткөрүшөт.

Саат 11:30 да «Учкун» конушунда №89 орто мектеп тарабынан уюштурулган майрамдык концерт өткөрүлөт жана сүмөлөк таратылат. 11:30 дан 14:30 га чейин «Ак-Бата» конушунда майрамдык иш-чара уюштурулат.

Саат 11:00 дон 14:00 го чейин «Дордой» жана «Дордой-2» конушунда концерт, улуттук спорт оюндары жана майрамдык түшкү тамактануу уюштурулат. 12:00дон 15:00го чейин «Келечек» конушунун №87 орто мектебинин спорт аянтчасында конуш тургундары үчүн концерт, улуттук жана спорттук оюндар өткөрүлөт.

Ленин районунда 21-мартта 14:00дон 17:00го чейин Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филамонияда майрамдык иш-чара өткөрүлөт. Ошондой эле райондо «Жаз – Нооруз - 2016» балдар конкурсу жана спорттук оюндар, көргөзмөлөр өтөт.

Саат 11:00 «Арча-Бешик» конушунда №4МАБдын тургундары үчүн улуттук тамактар менен сыйлоо майрамдык иш-чарасы уюштурулат. Саат 12:00до «Манас»  кинотеатрынын алдында №5 МАБдын тургундары үчүн майрамдык иш-чара өткөрүлөт.

Саат 14:00до «Ак-Ордо» конушунда жашоочулар үчүн майрамдык сыйлоо даярдалат. Ушул эле учурда Манас айылында майрамдык иш-чара өткөрүлөт.

Октябрь районунда 19 жана 20-мартта «Сейтекте», Асанбай жана Көк-Жар кичирайондорунда кичи-футбол жана баскетбол боюнча мелдеш өткөрүлөт.
21-мартта саат 10:00до район тургундары үчүн майрамдык иш-чаралар жана спорттук мелдештер өтөт.

Саат 14:00дон 16:00го чейин Ата-Түрк сейил багында №4,5,6,7 балдар музыкалык мектебинин жана «Таберик» ансамблисинин катышуусунда «Нооруз-2016» майрамдык иш-чарасы өткөрүлүп, мастер-класстар, асфальтка сүрөт тартуу, элдик эс алуулар, аркан тартыш, тогуз коргоол, ордо жана башка спорттук оюндар уюштурулат.

Ошондой эле Октябрь районунда мектепке чейинки жана жалпы билим берүү мекемелеринин мугалимдери арасында «Ыр кесе» өткөрүлөт.

Калаанын билим берүү мекемелеринде дилбаяндар жана сүрөттөр, ачык сааттар, «Менин сүйүктүү жерим», «Менин Кыргызстаным» конкурстары, «Нооруз майрамы» сүрөт конкурсу жана «Кара Жорго» бий конкурсу  өткөрүлдү.