ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкекте саясий ишмер Исхак Раззаковдун жаркын элесине арналган эскерүү кечеси өтөт

Маданият башкармалыгынын билдирүүсү боюнча, 18-мартта саат 11:00 до С.Чуйков көчөсү №90 дарегинде жайгашкан Исхак Раззаковдун мемориалдык үй-музейинде Раззаковдун өмүрү жана ишмердүүлүгү  боюнча эскерүү кечеси өткөрүлөт.

Иш-чарага журналист Т.Орокчиев, Ж.Баласагын атындагы КМУ профессору Т.Жыргалбеков, И.Арабаев атындагы КМУ доценти Ж.Д.Самиева, К.И.Скрябин атындагы агрардык университетинин мугалимдери Ө.Ж.Осмонов,  С.С.Байзакова, студенттер жана мектептин окуучулары чакырылды.


Иш-чарада окуучулар жана студенттер С.Жусуевдин китебинен үзүндүлөрдү окуп беришет.