ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Калаада шахмат боюнча Бишкек шаарынын биринчилиги башталды

Калаанын шахматтык-шашки клубунда угуусу жана көрүүсү боюнча ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар жана кыздар арасында шахмат боюнча биринчилик башталды.

Мелдешке 2005-жылы туулган жана андан улуу угуусу жана көрүүсүнөн жабыркаган балдар үчүн адистештирилген жалпы билим берүү мектеп-интернатынын жана №21 мектебинен 34 бала катышууда.


Биринчилик 15-марттан 20-мартка чейин өтөт.


Аталган мелдеш ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендерди дене тарбия жана спортко тартуу, алардын чен соолугун чыңдоо, коомчулукту көңүл бурдуруу максатында өтмөкчү.


Жеңүүчүлөр Бишкек шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин медаль, диплом жана баалуу белектери менен сыйланышат.