ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Калаада шахмат боюнча Бишкек шаарынын биринчилиги өткөрүлөт

15-мартта саат 10:00до шахматтык-шашки клубунда угуусу жана көрүүсү боюнча ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар жана кыздар арасында шахмат боюнча Бишкек шаарынын биринчилигинин ачылышы өтөт.

Мелдеш 15-марттан 20-мартка чейин уланат.


Биринчилик «Бүткүл дүйнөлүк социалдык адилеттүүлүк күнүнүн» алкагында көмөкчү мектептердин жана интернаттардын балдары арасында өткөрүлөт.


Аталган мелдеш ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендерди дене тарбия жана спортко тартуу, алардын чен соолугун чыңдоо, коомчулукту көңүл бурдуруу максатында өтмөкчү.


Жеңүүчүлөр Бишкек шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин медаль, диплом жана баалуу белектери менен сыйланышат.