ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкекте ишембилик башталды

Бишкекте 12-марта эртең мененки саат 9:00дон баштап шаардын санитардык тазалыгынын үч айлыгынын алкагында ишембилик өткөрүлө башталды.

Гареев атындагы ботаникалык бакта ишембиликке Кыргыз Республикасынын президенти Алмазбек Атамбаев, КР премьер-министри Темир Сариев, КР Жогорку Кеңешинин төрагасы Асылбек Жээнбеков жана Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов катышты.


Ошондой эле ишембиликке президенттин, өкмөттүн жана шаардык мэриянын аппаратынын кызматкерлери катышты.


Бишкек шаары боюнча ишембиликке 347 уюм – 10 миң 855 адам катышты. «Жашылдандыруу» МИ жана шаар тургундары тарабынан 165 дарак отургузулду. «Тазалык» муниципалдык ишканасы бир күндө 154 тонна таштанды чыгарды.